13:03 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863

Мамбетова: кол өнөрчүлүккө жаштардын кызыгуусу күч

Радио
Кыскача шилтеме алуу
51 0 0

"Сыйкырдуу кийиз" ишканасынын башчысы Бурул Мамбетова улуттук баалуулуктарды муундан-муунга өткөрүп бериш керектигин айтты.

Кол өнөрчүлүккө кызыккан жаштар абдан көп. Мындай пикирин Бурул Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, маданиятты жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга аракет жасап жаткан жаштарды жакшылап колдоого алыш керек.

"Биздин ишканага келип, иш-тажрыйбадан өткөн жаштардын саны арбын. Аз убакыттын ичинде мыкты кийимдерди даярдаганга жетишет. Кол өнөрчүлүк тармагына жаштардын баары болбосо да, бул жаатка кызыккандар абдан эле көп. Алар үч жылда алган билимин иш-тажрыйбадан өткөн бир айлык мөөнөттө бекемдей алганын жана бул аралыкта көп нерсе үйрөнгөнүн айтышат. Жалпы жонунан кол өнөрчүлүккө жаштардын кызыгуусу күч. Мындай чеберлерди ар тараптуу колдоп, бийиктиктерди багындырышына жардам беришибиз керек", — деди Мамбетова.

Ал 25-июлда башталчу "Оймо" фестивалында жаш кол өнөрчүлөр иш-чаранын катышуучуларына мастер-класс өтө тургандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Чочунбаева: быйыл "Оймо" фестивалында жаш кол өнөрчүлөргө көбүрөөк көңүл бурулат
Белгилер:
маданият, маданий мурас, кол өнөрчүлүк

ЭҢ МААНИЛҮҮ