Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Базарбаев: Оштогу жарылуу болгон станцияда курулуш жүрүп жатат

© Sputnik / Зульфия ТургуноваСтарший инспектор Госэкотехинспекции по гогорду Ош Гыламидин Базарбаев
Старший инспектор Госэкотехинспекции по гогорду Ош Гыламидин Базарбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологиялык жана техникалык коопсуздук маминспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын өкүлү Гыламидин Базарбаев жарылуу катталган май куюучу жайдын ээсине кырсыктан соң тергөө амалдары бүтүп, соттун чечими чыкмайынча аны кайра куруу же иштетүү мыйзамсыз экендигин айтты.
Базарбаев: Оштогу жарылуу болгон станцияда курулуш жүрүп жатат

Аталган жайдын ээсине курулуш иштерин токтотуу боюнча эскертүү берүү үчүн экинчи ирет кат даярдалып жатат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук маминспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын өкүлү Гыламидин Базарбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган станция 2000-жылдан бери иштеп келе жатат.

"Нормага ылайык, май куюучу жайлар турак үйлөрдөн 50 метр алыс аралыкта жайгашышы керек. Аталган станция 43 метрде жайгашканы аныкталган. Бул боюнча акт түзүлгөн. Мындан сырткары, аталган жайга керектөөчүлөрдү алдоо жолу менен май куйгандыгы боюнча 5000, өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы боюнча да 5000 сом айып пул салынган. Жарылуудан соң бул жай текшерүүгө алына элек. Себеби мыйзам боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу коопсуздук эрежелери сакталып-сакталбагандыгын азырынча текшере албайбыз", — деди Базарбаев.

Ошондой эле ал 22 жайда коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы, ченемдик нормалар бузулгандыгы аныкталып, ал боюнча материал сотко өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0