Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаныгулов: "Ала-Тоо" аянтына 200 миңден ашуун гүл отургузулду

© Sputnik / Эркин Садыков"Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Ала-Тоо" аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов
Тазалык муниципалдык ишканасынын Ала-Тоо аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Ала-Тоо" аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов борбордук аянтты көрктөндүрүүгө жыл сайын жаңы дизайн иштелип чыгарын айтты.
Жаныгулов: "Ала-Тоо" аянтына 200 миңден ашуун гүл отургузулду

Быйылкы жылы "Ала-Тоо" аянтына 200 миңден ашуун гүл отургузулду. Бул тууралуу Руслан Жаныгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аянттагы гүлдөрдүн баары Бишкек мэриясына караштуу "Жашылдандыруу чарбасы" муниципалдык ишканасында өстүрүлгөн.

"Ала-Тоо" аянтына жыл сайын жаңы дизайн менен гүлдөрдү отургузуп турабыз. Эскиздерин түзүп, алымча-кошумчаларын аныктагандан кийин, көрктөндүрүү иштери апрель айынан тарта жүрө баштайт. Бул жылы да калааны жашылдандыруу жана көрктөндүрүү аракеттери өз ыргагы менен аткарылууда. Аянтка катарантус, агератум, сальвия сыяктуу гүлдүн 18 түрүн отургуздук. Аларды биз ысыкка жана зыянкечтерге туруктуулугу боюнча тандап алганбыз. Бардык гүлдөр Бишкек мэриясына караштуу "Жашылдандыруу чарбасы" муниципалдык ишканасында өстүрүлгөн. Аларды биз январь айында эле сээп коёбуз. Жаздын келиши менен көчөттөр күнөсканалардан алынып, шаардын көркүн чыгарууга колдонула баштайт. Ал эми ноябрь айында аталган көчөттөрдү кайрадан жашылдандыруу чарбасына өткөрүп беребиз. Гүлдөргө "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 24 кызматкери күн сайын көзөмөл жүргүзөт. Сугарып, отоо чөптөрдөн тазалап, дарылап жана соолуп же сынып калган көчөттөрдүн ордун жаңыртып турушат ", — деди Жаныгулов.

Ошондой эле ал мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул жылы ээнбаштык менен гүлдөрдү жулуп, тебелеп, сындырган учурлар азайгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0