07:48 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов. Архив
© Sputnik / Асель Акматалиева

Аматов: эми телефон эле эмес, бардык импорттолгон товарлар катталат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
79 0 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов смартфон, телефондорду каттоого даярдык иштерин жүргүзүү боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөндүгүн айтты.

Телефондорду каттатуунун биринчи максаты — чөнтөкчүлөр жана контрабандалык товар ташуу менен күрөшүү. Бул тууралуу Эшмамбет Аматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам Казакстан Республикасында ушул жылдын январь айынан күчүнө кирсе, Өзбекстанда апрелден тарта иштей баштады.

"Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкө болгондуктан беш мамлекеттин тең суроо-талаптарына жооп берген мыйзамдардын негизинде иштешибиз керек. Андыктан, телефон, смартфондорду каттатуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, учурда иш алып барууда. Негизинен каттатуу КР жарандарына бекер болот. Ал эми каттатууга төлөнүүчү 100 сом — бул бажыдан товарлар өтүп жаткандагы процесс үчүн берилчү каражат. Жумушчу топ ишин бүтсө бир эле смартфон же гаджеттер эмес, өлкө аймагына кирген бардык товарларга жеке номер берилип каттала баштайт", — деди аткаминер.

Ал аталган аракеттер качан ишке ашарын так айта албастыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Аматов: учурда өлкө боюнча 30дан ашуун радио тартат
Белгилер:
мыйзам, каттоо, телефон, смартфон, Эшмамбет Аматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ