13:18 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Маткаримова
© Sputnik / Асель Акматалиева

Маткаримова: лизинг менен ипотеканын айырмасы чоң

Радио
Кыскача шилтеме алуу
98 0 0

Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Маткаримова лизинг менен ипотеканын айырмасын айтып берди.

Лизинг — бул кандайдыр бир техниканы же имаратты көп жылга ижарага алуу. Лизингге алынган буюмду кардар андан ары сатып алса да болот. Кааласа сатып албай, кайтарып берет. Ал эми ипотека — турак жай алуу үчүн берилүүчү насыя. Бул тууралуу Назгүл Маткаримова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө лизинг берүү системасы эми гана жолго коюлуп келе жатат.

"Лизингге адатта кымбат баалуу техникаларды алышат. Кардар өзүнө керек болгон жабдууга заказ берет. Лизинг компаниясы ал техниканы сатып алууга чыгаруучу завод менен келишим түзөт жана завод койгон нарктын үстүнө үстөк баа кошуп, кардарга лизингге берет. Чыгарылган заводдон жабдууну сатып алууга банк каражат бөлөт. Бөлүнгөн каражатты кардар лизинг компаниясы аркылуу узак мөөнөттө төлөөгө милдеттендирилет. Адатта лизинге имараттар берилет. Бирок өлкөдө көбүнчө айыл чарба техникаларын лизингге алууга суроо-талап бар. Лизингге алынган буюмду кардар кааласа узак мөөнөттө төлөп отуруп, өзүнө сатып алат. Каалабаса жөн гана убактылуу пайдаланып, кайра кайтарат. Айырмасы — лизингге алынган буюмду өзүнө калтырууну пландаган учурда баштапкы төлөмдүн суммасы көбүрөөк болот", — деди Маткаримова.

Адис өлкөдө лизинг программасы менен мамлекеттик дагы, коммерциялык дагы банктар алектенерин кошумчалады.

Тема боюнча

Маткаримова: ипотеканын пайызы мөөнөтүнө жана валютанын түрүнө жараша болот
Банк адиси ипотека алууда эмнелерге көңүл буруу керектигин айтты
Белгилер:
кеңеш, банк, ипотекалык насыя, лизинг

ЭҢ МААНИЛҮҮ