00:39 27 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков
© Sputnik / Максат Кудайбердиев

Камчыбеков: республикада алгачкы ирет майыптар арасында марафон өтөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
179 0 0

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков 1-майда Балыкчы шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында марафон өткөрүлөрүн айтты.

Уюштурулуп жаткан иш-чарага көбүнесе майыптардын катышуусу күтүлүүдө. Тактап айтканда, 100гө чукул киши Бишкектен барса, 150дөйү жергиликтүү тургундар, андан тышкары, бардык каалоочулар катыша алат. Бул тууралуу Адилет Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган марафон аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өткөрүлүп жатат.

"Майыптар арасында марафонду аларды коомго аралаштыруу, сергек жашоого үндөө максатында уюштуруп жатабыз. Каржылык маселеси Балыкчы шаардык мэриясы жана демөөрчүлөр тарабынан чечилет. Чектөө жок, бардык каалоочулар катыша берсе болот. Бирок биз басымды ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга койдук. Шал оорусуна чалдыккандар, отурган арабасы менен, Даун синдромунан жапа чеккендер же көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандар жандоочусу менен катыша алышат. Мында жеңүүчүнү аныктоо эмес, ар бир катышуучуга назар салып, катышкандыгы үчүн чакан белектерди ыйгарып, аларга коомдун көңүлүн бурууга басым жасалат. Мындай спорттук оюн Кыргызстанда алгачкы ирет уюштурулуп жатат", — деди Камчыбеков.

Ал аталган иш-чара Балыкчы шаарынан кийин Талас жергесинде өткөрүлөрүн кошумчалады.

Тема боюнча

Кудайназаров: гемофилияга даба болчу дарылар адам канынан жасалат
Белгилер:
Балыкчы, марафон

ЭҢ МААНИЛҮҮ