00:40 27 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын эксплуатация бөлүмүнүн башчысы Сатыбалды Хакимов
© Sputnik / Асель Акматалиева

Хакимов: жаңы автобустун айдоочулары ак көйнөк кийип, галстук тагынып чыгат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
499 0 0

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын эксплуатация бөлүмүнүн башчысы Сатыбалды Хакимов Бишкекке Кытайдан келген жаңы 60 автобустун айдоочулары бир нече этап менен тандалганын айтты.

60 автобустун 30у эки жаңы маршруттук каттам менен чыгат. Бул тууралуу Сатыбалды Хакимов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калган 30 автобус Бишкектин борбордук бөлүгүндө каттаган каттамга кошулат жана алардын айдоочулары жаңы форма менен жумушка чыкмакчы.

"Бишкекке Кытайдан газ менен иштеген 60 автобус алып келинди. Негизи дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөр электрондук автобустарды колдонуп келишет. Ага жетүүгө азырынча Кыргызстандын бюджети туура келбей жатат. Газ менен жүрчү автобустардын эски автобустарга салыштырмалуу бир топ артыкчылыгы бар. Аларды айдай тургандар да бир нече этап менен тандалып алынды. Бир жумадан кийин жаңы автобустун айдоочулары ак көйнөк кийип, галстук тагынып, кара костюмчан жумушка чыгат", — деди Хакимов.

Ал ар бир автобустун баасы 71 миң доллардан жогору экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Бишкекке Кытайдан 60 автобус алып келинди. Мэр артыкчылыктары тууралуу
Белгилер:
айдоочу, Бишкек, автобус

ЭҢ МААНИЛҮҮ