10:54 04 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.8433
  • EUR90.4984
  • RUB1.0362

Юлдашев: мурда телевизордон алган маалыматты эл интернеттен алып калды

Радио
Кыскача шилтеме алуу
209 0 0

Бүгүн, 4-апрель — интернеттин эл аралык күнү.

Юлдашев: мурда телевизордон алган маалыматты эл интернеттен алып калды

Мурда жаңылыктар менен эл радио, телевизор аркылуу кабардар болсо, ал эми азыркы кезде маалыматтын баарын интернет булактарынан алып калды. Бул тууралуу видеоблогер Нурбек Юлдашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзү ар түрдүү юмордук видеоблогдорду даярдап келет.

"Өзүм мурда телевидениелерде иштеп, кийин YouTube каналы үчүн ар кандай видеоблогдорду даярдап калдым. Негедир элге үй-бүлө маселелери боюнча юморлор өтүмдүү. Күйөөсү менен аялынын ортосундагы мамилелер тууралуу тарткан видеолор көп көрүлөт. Мурда эл коомдогу жаңылыктарды радиодон угуп, телевидениеден көрүп келген болсо, эми көпчүлүк кабарлар менен интернеттен таанышып калды. Муну менен катар эле интернеттен каражат табууга да жол ачылды", — деди Юлдашев.

Ал адам өзүнө жаккан ишти жасап, андан эргүү алса ийгилик жараларын кошумчалады.

Тема боюнча

Мамбетакунов: интернеттеги маалымат бүгүн бар, эртең жок
Белгилер:
видео, жаңылыктар, маалымат, интернет

ЭҢ МААНИЛҮҮ