06:48 18 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Топчугүл Шайдуллаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Шайдуллаева: Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсүнө кирүү акысыз

Радио
Кыскача шилтеме алуу
75 0 0

Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Топчугүл Шайдуллаева Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсү Кыргызстанда алгачкы ирет өткөрүлүп жаткандыгын айтты.

Аталган интерактивдүү көргөзмө негизинен балдарга багытталган. Бирок ата-энелер да келип, катышса болот. Бул тууралуу Топчугүл Шайдуллаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, маданий иш-чарага 15 мамлекеттин элчиликтеринен өкүлдөр катышат.

"Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсү борбордогу Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт. Максаты - улуу Жибек Жолу, анын тарыхый, географиялык орду тууралуу маалыматтарды балдарга оюн түрүндө, кызыктуу кылып жеткирүү. Ал үчүн музейдин ичинде Жибек Жолунун картасы түзүлүп, атайын станциялар уюштурулган. Балдар карта менен жүрүп отуруп, ар кайсы станцияга токтоп, оюндарды ойноп маалымат алышат. Муну менен аталган тарыхый аймактын географиясынан, тарыхынан, соода-экономикалык жактан өнүгүүсүнөн, маданиятынан кабардар болушат. Ошондой эле иш-чарага 15 мамлекеттин элчилиги да тартылат. Ар бир мамлекетке бир күндөн убакыт бөлүнөт. Өз күнүндө ал мамлекеттер атайын даярдалган программаларынын негизинде балдарга жана чоңдорго арналган оюн-зоокторду тартуулайт. Салт-санаасын, үрп адаттарын чагылдырган мастер-класстар болот. Чыгыш спортунун түрлөрү көрсөтүлүп, каалаган балдар устаттын үйрөтүүсүндө машыгып көрсө болот. Каалоочулар көргөзмөгө акысыз кире алышат", — деди Шайдуллаева.

Ал иш-чаранын ачылышы 5-апрелде саат 10:00дө башталарын кошумчалады.

Белгилер:
балдар, тарых, көргөзмө, жибек жолу, Топчугүл Шайдуллаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ