Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мадумаров: мектеп директорлору 30 миң сомго чейин маяна алышат

© Sputnik / Асель АкматалиеваДиректор Государственной кадровой службы Кыргызстана Акрам Мадумаров
Директор Государственной кадровой службы Кыргызстана Акрам Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров жетекчилердин маянасына жараша жоопкерчилиги болорун айтты.
Мадумаров: мектеп директорлору 30 миң сомго чейин маяна алышат

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасын теңдөөдө эки окшош мекеменин кызматкерлеринин айлыгы тууралуу кеп болууда. Сунушталып жаткан токтом долбоорунда жетекчи менен катардагы адистин айлыгын бирдей кылып коюу каралган эмес. Анткени мунун өзү туура эмес. Бул тууралуу Акрам Мадумаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, макамы бирдей мамлекеттик же муниципалдык мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлык акысы да окшош болушу шарт. Ошондой эле бир эле мекеменин борбордо иштеген кызматкери менен аткарган иши бирдей аймакта кызмат өтөгөн адиси да бирдей суммадагы маяна алышы керек.

"Өлкө боюнча мамлекеттик кызматкерлердин айлыгынын минималдык ставкасы 5000 сом. Эгер Нарын шаарын мисалга ала турган болсок, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин облустагы башкармалыгынын бүгүнкү күндөгү айлыгы ушул суммада. Бирок тоолуу аймак болгондуктан кошумча төлөмдөрү бар. Коэффициенттер менен эсептегенде 20 000 сомго жетет. Ушул эле шаардагы "Суу канал" департаментинин жетекчисиники 25 000 сомго барышы мүмкүн. Ал эми көп жылдык стажы бар мектеп директорлорунуку, тоолуу аймакта иштеп жатканын эске алуу менен 30 000 сомду түзөт. Албетте, өлкө экономикасынын учурдагы абалында бул жакшы эле көрсөткүч. Биз сунуштап жаткан токтом долбоорунда эч бир мамлекет кызматкеринин айлык акысын азайтуу, кыскартуу каралган эмес. Жетекчилердин маянасы кадимки кызматкердей эле болуш керек деген пикирлер да айтылууда. Мен буга каршымын. Себеби жетекчинин жоопкерчилиги бар. Ал ошол жердеги кадрлардан баштап, чарбанын баарына жооп берет. Андыктан, жетекчинин айлык акыны катардагы кызматкерден көбүрөк алганы туура", — деди Мадумаров.

Аткаминер Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан сунушталган мыйзам долбоору ишке ашса, бюджеттен жылына 5 миллиард сом каражат керектелерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0