20:12 24 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7419
  • EUR78.8293
  • RUB1.0936
Бишкек мэриясынын шаардык чарба департаментинин көрктөндүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Абдырахманова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Абдырахманова: шаарыбыздын тазалыгы элдин колунда

Радио
Кыскача шилтеме алуу
39 0 0

Бишкек мэриясынын шаардык чарба департаментинин көрктөндүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Абдырахманова ар бир адам өзүнүн айланасын таза кармаса шаар таза болорун айтты.

Бишкек шаарынын тазалыгы элдин колунда. Мындай пикирин Нурия Абдырахманова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаары жылдан-жылга тазарып баратат.

"Шаарыбыздын тазалыгы боюнча балдарыбызга кичине кезинен тарта үйрөтүшүбүз зарыл. Ар ким өзү жашаган аймакты таза кармаса эле таза болот. Шаардын тазалыгы элдин колунда. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу Бишкек жылдан-жылга тазарып баратат. Таштанды чогулткан, тазалыкты караган кызматкерлерибиз дээрлик бардык жумушту кол менен жасайт. Мына ушул жаатта атайын мини механизмдер каралышы керек", — деди Абдырахманова.

Ал шаарды көрктөндүрүү иштери план боюнча кетип жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Таштанды чогултуп, көчөт тиккен аткаминерлер. Сүрөттөр
Белгилер:
Бишкек мэриясы, тазалык, жаз

ЭҢ МААНИЛҮҮ