Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыжапар уулу: товарлардагы жазууларды көзөмөлгө алган орган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик тил комиссиясынын Котормо бөлүмүнүн башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу
Мамлекеттик тил комиссиясынын Котормо бөлүмүнүн башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил комиссиясынын Котормо бөлүмүнүн башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу өлкөгө кирип жаткан товарлардын сапатына көңүл бурганыбыз менен сыртындагы жазуулар көз жаздымда калып жатканын айтты.
Абдыжапар уулу: товарлардагы жазууларды көзөмөлгө алган орган жок

Буюм сатып алууда нускамаларынын кайсы тилде жазылуусу жана тексттин сапатын жөнгө салуу милдети эч бир мамлекеттик органга жүктөлгөн эмес. Бул тууралуу Мундузбек Абдыжапар уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө кирген товарлардын агымы чоң болгондуктан көзөмөлгө алуу оор.

"Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору, Бажы, Чек ара кызматы өлкөгө кирип жаткан товарлардын курамы жана сапатына гана жооп беришет. Сыртындагы жазуулардын мазмунуна көңүл бурушпайт. Мисалы, коңшу Казакстанда казакча жазуулары жок товарларды чек арадан эле өткөрбөй коюшат. Биз дагы ушундай сунушту киргиздик. Бүгүнкү күндө тиешелүү кызматтар аракет кылууда. Бирок бардыгына жетише албай жатат", — деди Абдыжапар уулу.

Ошондой эле ал Мамлекеттик тил комиссиясына товарлардагы жазууларды көзөмөлдөп, аларды бекитүү укугу берилсе жакшы болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0