Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Болотбеков: Свердлов районундагы үйлөргө 70тен ашык камера орнотулду

© Sputnik / Жоомарт УраимовАким Свердловского района Самарбек Болотбеков
Аким Свердловского района Самарбек Болотбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков аталган райондогу үйлөрдүн 60 пайызына камера орнотулуп, кооптуулуктун алдын алуу үчүн аракет көрүлүп жатканын айтты.
Болотбеков: Свердлов районундагы үйлөргө 70 тен ашык камера орнотулду

2018-жылы Свердлов районундагы үйлөрдүн 60 пайызы коопсуздук камералары менен камсыз болду. Бул тууралуу Самарбек Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай кадам үйлөргө уруу кирген окуялар көп катталгандыктан жасалган.

"Аламүдүн жана Чыгыш-5 кичирайондорундагы үйлөргө ууру кирип, тоноо фактылары көп катталат. Бул себептен аталган аймактарга камера орнотуу иштерин жүргүздүк. Өзүбүздүн бюджеттен акча бөлүп, жалпы 70тен ашык камера коюлду. Бул Чыгыш-5 кичирайонундагы 14 үйгө жана кире беришине жетти. Биз тараптан аталган аймактын 35-40 пайызы, ал эми өз алдынча да камера койгон үйлөрдү кошуп эсептегенде райондун 60 пайызы камера менен камсыз болду", — деди аким.

Болотбеков, мындан сырткары, 2018-жылы "Бишкек жарык" аркылуу Свердлов районунун 25 көчөсүнө  прожекторлор толук коюлгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0