Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тайлаков: алып сатарлар койгон бааны көзөмөлдөй албайбыз

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаместитель директора Государственного агентства антимонопольного регулирования при Правительстве КР Кенешбай Тайлаков
Заместитель директора Государственного агентства антимонопольного регулирования при Правительстве КР Кенешбай Тайлаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков ар жылы күз, кыш мезгилине карата өкмөттүн токтомуна ылайык мекеме көмүргө болгон бааны аныктап бериши керектигин маалымдады.
Тайлаков: алып сатарлар койгон бааны көзөмөлдөй албайбыз

Бул жылы көмүргө болгон баа 1200 сомдун тегерегинде белгиленген. Ал эми рынокто анын наркы чыгашага жараша өзгөрөт. Бул тууралуу Кеңешбай Тайлаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баалар "Кыргыз көмүр" ишканасы, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин берген маалыматтарына таянып аныкталат.

"Өкмөт тарабынан бизге көмүрдүн бааларын белгилеп берүү боюнча тапшырма берилет. Баалар быйыл бир тоннасы үчүн 1200 сомдун тегерегинде болду. Андан кийин ал жерден ар түрдүү чыгашалар эсептелип чыгат. Аны жеткирүү, кампанын ижарасын төлөө, күйүүчү майга кеткен чыгымдар кошулуп отуруп рыноктогу баасы аныкталат. Биз ал алып сатарлар койгон баага көзөмөл жүргүзө албайбыз. Эгерде бир айдын ичинде үстөк баа өз наркынын 20 пайызынан ашып кетсе гана кийлигишүүгө укугубуз бар", — деди Тайлаков.

Ошондой эле ал учурда Бишкек шаарында бир тонна көмүрдү ортомчулар 3000-3200 сомдун тегерегинде сатып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0