Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айтымбетов: Октябрь районундагы эки жаңы конушка газ киргизилди

© Sputnik / Эркин АлымбековГлава муниципальной администрации Октябрьского района Ренат Айтымбетов
Глава муниципальной администрации Октябрьского района Ренат Айтымбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов 2018-жылы аталган райондо көптөгөн иштер аткарылганын айтты.
Айтымбетов: Октябрь районундагы эки жаңы конушка газ киргизилди

Кара-Жыгач жана Көк-Жар жаңы конушундагы 2 миңдей үйгө газ киргизилди. Бул тууралуу Ренат Айтымбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, негизи план боюнча 5 миңдей үйгө газ киргизүү каралган эле. 

"Бул жылы эки жаңы конушка газ киргизгенге жетишитик. Кара-Жыгач жана Көк-Жар жаңы конуштарындагы 2 миңдей үй газ менен камсыз болду. Негизи план боюнча 5 миңдей үй каралган эле. Эми калганын 2019-жылы ишке ашырууга аракеттер көрүлүп жатат. Бир үйгө газ киргизгенге орточо эсеп менен 10-15 миң сом кетет", — деди аким. 

Ал көмүрдүн ордуна газ колдонуу экологиялык жактан да пайдалуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0