21:06 15 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4846
  • RUB1.0834
Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу, коммуникация бөлүмүнүн башчысы Мелисбек Эржигитов
© Sputnik / Исмаил Мамытов

Эржигитов: азыркы ID паспортто 30 коргоо элементи бар

Радио
Кыскача шилтеме алуу
91 0 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу, коммуникация бөлүмүнүн башчысы Мелисбек Эржигитов 2017-жылы колдонууга чыгарылган идентификациялык карта 2004-жылкы үлгүдөгү ID паспортко салыштырмалуу бир топ артыкчылыктарга ээ экендигин билдирди.

Ички колдонуу үчүн басылып чыккан акыркы үлгүдөгү ички паспорттор ICAO эл аралык уюмунун сапатына жооп берет деген бүтүмү бар. Бул тууралуу Мелисбек Эржигитов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, 2004-жылкы үлгүдөгү ID картага караганда 2017-жылы чыгарылган электрондук картанын коргоо элементи 20 баскычка жогору.

"2004-жылы чыгарылган сары түстөгү паспорттун эскилиги жетти. Эл аралык ICAO уюмунун талаптарына ылайык, ар бир үлгүдөгү паспортко ар беш жыл сайын жаңы коргоо элементтери киргизилип турушу керек. Биздики болсо 10 жылдан ашык убакыт ичинде өзгөртүүсүз колдонулуп жүрдү. Аны жасаш, сатыш оңой болуп калды. Ошондуктан 2017-жылдын 1-майынан тартып жаңы үлгүдөгү электрондук идентификациялык ID карталарды киргиздик. Мурунку ID картанын 10 гана коргоо элементи болсо, азыркы ички паспортто 30га жакын коргоо элементи бар. Мындагы бир өзгөчөлүк — адам тууралуу бардык маалыматтар атайын чипте сакталат жана паспорт ээсинин өздүк маалыматтары өзгөргөн маалда аны алмаштыруунун кереги жок, ал маалымат чипке киргизилет", — деди Эржигитов.

Ошондой эле ал 2004-жылкы үлгүдөгү ID карталар тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн жеке менчик компания тарабынан басылып келгендигин кошумчалады.

Тема боюнча

Автоунааны алуу-сатуу документи зарыл! Мамкаттоо себебин түшүндүрдү
Белгилер:
уюм, чип, үлгү, паспорт, Мелисбек Эржигитов

ЭҢ МААНИЛҮҮ