10:45 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426

Кененбаев: КТРКнын 19 директору менен иштештим

Радио
Кыскача шилтеме алуу
79 0 0

КТРКнын отличниги, КРдин эмгек сиңирген ишмери Казыбек Кененбаев телерадио тармагында иштегенине жарым кылымдай убакыт болуп калгандыгын айтты.

Кененбаев: КТРКнын 19 директору менен иштештим

Аскердик кызматка чейин Фрунзе шаарындагы 20-техникалык окуу жайын бүтүрүп, радио жана телемастер кесибине ээ болгом. Ошол жагдай армиядан кийин КТРге ишке орношууга өбөлгө болду. Бул тууралуу Казыбек Кененбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун КТРКнын 60 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып баяндады.

Анын айтымында, эмгек жолунун башында ал Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары менен бирге иштеп, алардан кесиби боюнча бир далай тажрыйба топтогон.

"КТРКнын босогосун аттаганыма быйыл туура 48 жыл болду. Армиядан кийин эле республикалык телерадио борборуна ишке орноштум. Алгач техникалык лабораторияга тажрыйба топтоо боюнча бөлүндүм. Ал жердегилердин көбү согуштун катышуучулары эле. Андан кийин 1972-жылы Грузиянын Тбилиси шаарындагы радио-техникалык окуу жайына барып, билимимди жогорулатып келдим. 1975-жылы бүтүп келип көчмө телестудияда эмгектендим. Андан кийин радиого техник болуп орношуп, учурда КТРКнын 19-директору менен иштешип жатам", — деди Казыбек Кененбаев.

Ал ошондой эле акыркы 13 жылдан бери техникалык цехтин башчысы болуп эмгектенип жүргөндүгүн кошумчалады.

Тема боюнча

Абдразакова: айылдашыма эрегишип жатып окууга өтүп кеттим
Белгилер:
цех, студия, радио, Казыбек Кененбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ