09:51 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Кыргызстандагы эл аралык бейтарап сотунун инвестициялык талаш-тартыштар боюнча директору Жоомарт Жолдошев
© Sputnik / Азамат Тотубаев

Жолдошев: бейтарап соттун дүйнөлүк деңгээлдеги конференциясы Бишкекте өтөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
178 0 0

30-ноябрда Бишкек шаарында Кыргызстанда арбитрлердин дүйнөлүк деңгээлдеги илимий-тажрыйбалык конференциясы болот.

Бишкекте бейтарап соттун илимий-практикалык конференциясы өтөт. Ага Улуу Британия, Франция, Германия, Америка, Россия жана башка көптөгөн мамлекеттерден арбитрлер жана юристтер катышат. Бул тууралуу Кыргызстандагы эл аралык бейтарап соттун инвестициялык талаш-тартыштар боюнча директору Жоомарт Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай конференция Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулууда.

"Буга чейин мындай конференциялар башка мамлекеттерде болуп келген, бирок Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулууда. Франциянын борбору Париждеги, дүйнөдөгү эң чоң арбитраждык соттун өкүлчүлүгү келип катышат. Андан сырткары, Англиянын эл аралык арбитраждык сотунун мүчөлөрү жана башка бир топ өлкөлөрдөн дасыккан юристтер келет. Конференция үч күнгө уланып, биринчи күнү докладдар окулса, эки күн бою дүйнөлүк деңгээлдеги эл аралык соттор тажрыйбалары менен бөлүшүп, мастер-класс өтүшөт. Бул биздин юристтер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп берет", — деди Жолдошев.

Ошондой эле ал аталган жыйынга катышууга билдирмелер алдын-ала кабыл алынаарын кошумчалады.

Тема боюнча

Жолдошев: бейтарап соттун чечими бир айдан үч айга чейин чыгат
Белгилер:
конференция, сот, Жоомарт Жолдошев, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ