Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Осмонов: чет өлкөлүк ишкерлер үчүн Кыргызстанда бизнес кылуу кымбат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭксперт аналитического центра "Биз Эксперт" Улукмырза Осмонов
Эксперт аналитического центра Биз Эксперт Улукмырза Осмонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Биз Эксперт" аналитикалык борборунун серепчиси Улукмырза Осмонов ишкерлердин жумушун жеңилдетүү максатында жаңы мыйзамдар кабыл алынышы керектигин айтты.
Осмонов: чет өлкөлүк ишкерлер үчүн Кыргызстанда бизнес кылуу кымбат

Чет өлкөлүк ишкерлер үчүн Кыргызстанда бизнес жасоо кымбат турат. Бул тууралуу серепчи Улукмырза Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп " программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бизнес ачуудагы кайталанма текшерүүлөрдү жоюу зарыл.

"Бизде инвестициялык виза деген долбоор бар. Анын негизинде чет жактан келген ишкер кандайдыр бир бизнес ача турган болсо, Кыргызстанга 500 миң доллар акча, же товар түрүндө экономикага пайда алып келиши керек. Бирок Сингапур, Эстония, Латвия өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул абдан чоң сумма. Бул мамлекеттерде мындай учурда 50 миң доллардан төмөн каражат сарпталат. Ошол себептен 500 миң долларды азайтуу маселеси каралып, жыйынтыгында 150 миң долларга чейин түштү. Буга утурлай эле бизнеске тиешелүү кайталанма текшерүүлөр чет жердик ишкерлердин Кыргызстанда бизнес жасоосуна ыңгайсыздык жаратууда", — деди Осмонов.

Ал жөнгө салуу реформасынын негизги максаты бизнесмендердин ишин жеңилдетүү экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0