Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Купешов: ишкерлер жарнаманын аркасы менен өнөктөш таба алат

© Sputnik / Асель АкматалиеваСоода-өнөр жай палатасынын өкүлү Болот Купешов
Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Болот Купешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Болот Купешов Кыргызстандан чыккан товарларды экспорттоого ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектигин айтты.
Купешов: ишкерлер жарнаманын аркасы менен өнөктөш таба алат

"Бишкек — 2018" аталышындагы жарманке 1-5-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Анда ондогон ата мекендик ишкана продукциясын көргөзмөкчү. Бул тууралуу Болот Купешов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын максаты — Кыргызстандан чыккан товарларды экспорттоого жол ачуу.

"Бир компания продукциясын дүкөндүн ичине коюп, элге маалымат бербестен сата алам десе жаңылышат. Товар боюнча коомчулукту кабардар кылып, аны жарнамалаш керек. Бул себептен жарманке уюштуруп жатабыз. Ишкерлер жарнаманын аркасы менен өнөктөш таба алат. Бир эле казанда кайнай бербей, өнөктөштөрдүн жардамы менен чет мамлекеттен филиал ачып, же бириккен ишкана ачса болот", — деди Купешов.

Ал жергиликтүү продукцияларды өнүктүрүп, тышкы рынокто өз ордун табышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0