20:28 28 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.6688
  • EUR96.0833
  • RUB1.0531

Имакеев: кафе-ресторандардын көбү санитардык талапка жооп бербейт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
66 0 0

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемиялогиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Азамат Имакеев көпчүлүк тамактануучу жайлардын абалын жакшыртуу керектигин айтты.

Имакеев: кафе-ресторандардын көбү санитардык талапка жооп бербейт

Бишкек шаары боюнча тамактануучу жайлардын санитардык абалына баа берүү үчүн 324 стикер берилип, анын ичинен 277си кызыл стикерге ээ болду. Кызыл түстөгү стикер – абалын кыйла жакшыртуу керек дегенди билдирет. Бул тууралуу Азамат Имакеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган стикерлер ишкерлер үчүн атаандаштыкты пайда кылууда.

"Тамактануучу жайлардын жетекчилери пилоттук долбоорду абдан жакшы кабыл алышты. Ишкерлердин арасында өз ара атаандыштыкты жаратып, тамактануучу объектилер санитардык абалына өзгөчө көңүл буруу керектигин түшүнө баштады. Ошентсе да көпчүлүк кафе-ресторандардын абалын жакшыртуу талап кылынат. Бишкек шаары боюнча 324 стикер берилип, анын 277си кызыл түстөгүсүн алды. Ал эми Ысык-Көл аймагына 94 стикер берилип, анын 44тү – кызыл (кыйла жакшыртуу керек), 37си – сары (бир аз жакшыртуу керек) жана 13ү – жашыл стикерлерге (талаптарга туура келет) ээ болду", — деди санитардык дарыгер.

Имакеев Ысык-Көл жергесиндеги тамактануучу жайлардын көбү сезон учурунда гана иштеп, атайын текшерүүдөн өтпөй калып жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Стикерин көрүп төрүнө өт! Тамактын сапаты кафенин сыртына жазылганда
Белгилер:
санитария, тамактануучу жайлар, тамактануу, стикер

ЭҢ МААНИЛҮҮ