07:45 31 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426

Ишекеев: ЖОЖду аяктаган студенттердин көбү жөнөкөй арыз жазганды билбейт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
15001

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев республика боюнча мектептердин 78 пайызы кыргыз тилинде окута турганын айтты.

Ишекеев: ЖОЖду аяктаган студенттердин көбү жөнөкөй арыз жазганды билбейт

ЖОЖду аяктаган студенттердин көбү жөнөкөй арыз жазганды билбейт. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, студенттердин көбү же орус тилин, же кыргыз тилин сабаттуу билбей жатат.

"Аймактардан келген жаштар айылда сабактарды кыргызча, шаарга келип орусча окуйт. Мындан улам алардын көпчүлүгү ЖОЖду аяктаганда же орусчаны, же кыргызчаны кыйратпай жатат. Жөнөкөй арыз жазганды билишпейт. Мындай көрүнүш албетте өкүнүчтүү. Мамлекеттик тил комиссиясы кыргыз тилин өнүктүрүүгө болгон күч аракетин жумшап жатат. Бирок тилди өнүктүрүү маселеси бир гана бизге байланыштуу эмес. Аны жайылтып, муундан-муунга өткөрүп берүү элдин колунда", — деди Ишекеев.

Ал тил маселеси 23-сентябрда гана каралбаш керектигин кошумчалады

Тема боюнча

Машыгып, тил үйрөнүп, мыйзам жазып... Абактагы атка минерлер эмне менен алек
Ишекеев: тил маселеси 23-сентябрда гана каралбаш керек
Белгилер:
кыргыз тили, тил

ЭҢ МААНИЛҮҮ