Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Толонова: Кыргызстанда майыптар жогорку билим ала алышпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор общественного фонд "Плюс" Айдай Толонова
Директор общественного фонд Плюс Айдай Толонова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Плюс" коомдук фондусунун жетекчиси Айдай Толонова республика боюнча угуу, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жогорку билим берүүчү бир да окуу жай жоктугун айтты.
Толонова: Кыргызстанда майыптар жогорку билим ала алышпайт

Угуу, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер Кыргызстанда жогорку билим ала алышпайт. Анткени бир дагы ЖОЖдо аларга ылайыкташкан бөлүмдөрү жок. Бул тууралуу Айдай Толонова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча жалгыз №25 адистештирилген лицей бар. Ал окуу жайда да жаңсоо тилин билген жалгыз педагог иштейт.

"Биздин баш мыйзамда бардык адамдардын укугу бирдей деп жазылганы менен тилекке каршы, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу көп учурда бузулуп келет. Мисалга алсак угуусу начар адамдар мамлекеттик кызматтарга, ишкерликке аралаша алышпайт. Аларды бул багытта даярдоочу, деги эле жогорку билим берүүчү бир да окуу жай жок. Өз алдынча окуганга эч кандай материалдар даярдалбайт. Алар жада калса күнүмдүк маалымат алууда да мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Өлкө боюнча болгону бир лицей бар. Ал жакта да жаңсоо тилин түшүнүп, сабактарды студенттерге которуп берген жалгыз педагог иштейт", — деди Толонова.

Ал учурда угуу, көрүүсү начарларга өз укугун билүү үчүн атайын юридикалык материалдар даярдалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0