Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асаналиева: ден соолук кербенинде бир адамды дароо он дарыгер карайт

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель центра Национального госпиталя Нургуль Асаналиева
Руководитель центра Национального госпиталя Нургуль Асаналиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын көчмө медицина борборунун жетекчиси Нургүл Асаналиева аймактарда жашаган калкка аталган борбор өтө керектигин айтты.
Асаналиева: ден соолук кербенинде бир адамды дароо он дарыгер карайт

"Ден соолук кербенинде бир адамды дароо он дарыгер карайт. Ушундай аталыштагы жазуусу бар унаабыз менен айылга кирип баратканда эле эл чогулуп баштайт. Анткени алыскы айылдарда дарыгерлер жетишсиз", — деген пикирин Нургүл Асаналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым айылдарда дарыгери эмес медайым гана иштеген медициналык мекемелер бар.

"Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарын тейлейбиз. Ош, Жалал-Абад, Баткенге Ош шаарындагы көчмө медициналык борбор чыгат. Биз барганда алыскы айылдардын тургундары абдан кубанышат. Анткени, бир учурда эле он дарыгерге көрүнүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Алар; стоматолог, кардиолог, офтальмолог, гинеколог жана башка багыттагы врачтар. Атайын көчмө медицинага ылайыкташкан унаабыз эки бөлмөдөн турат. Анын бири гинекологиялык, экинчиси стоматологиялык аппараттар менен жабдылган. Жарандардын медициналык карточкаларын алып, анын негизинде он дарыгердин кайсынысына көрүнүү зарылчыл болсо, ошол дарыгер карайт", — деди Асаналиева.

Ал ден соолук кербенине жергиликтүү бийлик да көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0