Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токталиев: түз каттам ачууда эки өлкө тең пайда көрүш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель правления Ассоциации туризма КР Талант Токталиев
Председатель правления Ассоциации туризма КР Талант Токталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Талант Токталиев сентябрь-октябрь айларында учак билеттеринин баасы кымбатыраак болорун айтты.
Токталиев: түз каттам ачууда эки өлкө тең пайда көрүш керек

Түз каттам ачууда эки өлкө тең пайда көрүш керек. Тагыраагы, учак Кыргызстандан сыртка чыгып жатканда жана кайтып келе жатканда жүргүнчүлөрдүн саны жетиштүү болууга тийиш. Мындай пикирин Талант Токталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тилекке каршы, Кыргызстанга чет өлкөдөн келген туристтердин саны аз.

"Биздин өлкөдөн чоң шаарларга учууга түз каттам жок болгондуктан, жарандарыбыз Казакстандын Алматы шаары аркылуу кетүүгө аргасыз болгон. Соңку жылдарда Кыргызстандан да түз каттамдар ачылып, элге ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат. Албетте күн санап болбосо да жумасына, же 10 күндө бир атайын турлар уюштурулуп келет. Каттамдын аздыгы элдин бир тараптуу эле багыт алуусу себеп. Ошондуктан Кыргызстанга да туристтер агылса эки тарапка тең жүргүнчүлөр жетиштүү болуп, эки өлкө үчүн тең эффективдүү жумуш болмок", — деди Токталиев.

Ал түз каттамдарды көбөйтүү боюнча аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0