Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаев: көк бөрү боюнча президенттин кубогуна 12 команда ат салышат

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаместитель главы Дирекции по национальным видам спорта Кулболду Исаев
Заместитель главы Дирекции по национальным видам спорта Кулболду Исаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын өкүлү Кулболду Исаев көк бөрү боюнча президенттик кубоктун финалдык беттеши 30-августта боло турганын айтты.
Исаев: президенттин кубогу үчүн өтчү көк бөрүнүн байге фондусу 1 млн. сом

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын атынан көк бөрү оюну үчүн 500 миң, ат оюндарына 300 миң сом каралды. Бул тууралуу Кулболду Исаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, президенттин кубогуна бул жылы 12 команда ат салышат. 

"Бүгүн, 24-августта көк бөрү боюнча президенттик кубок башталды. Мелдеш 30-августта жыйынтыкталат. Командалар саат 10:00дө "Ак-Кула" ат майданында 3-4-орунга, саат 12:00дө 1-2-орунга ат салышат. Бул жылы байге фондусу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын атынан көк бөрү оюну үчүн 500 миң, ат оюндарына 300 миң сом каралды, — деди Исаев.  

Ал өткөн жылы ушундай эле оюнга 15 миңдей адам келип, 14 команда катышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0