Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Монолов: минералдык сууну 20 күндөн ашык ичүүгө болбойт

© Sputnik / Максат ЭлебесовУлуттук госпиталдын эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, уролог Нурбек Монолов
Улуттук госпиталдын эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, уролог Нурбек Монолов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, уролог Нурбек Монолов үй тиричилигинде колдонгон суу филтрлерин туура тандоо керектигин айтты.
Монолов: минералдык сууну 20 күндөн ашык ичүүгө болбойт

Минералдык сууну катары менен 20 күндөн ашык ичүүгө болбойт. Бул тууралуу Нурбек Монолов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын айрым аймактарында жашоочулар күнүмдүк турмушунда такай минералдык суу колдонууга мажбур. Бул бөйрөктө таштын пайда болушун шарттайт.

"Минералдык сууну 20 күндөн ашык күн сайын ичүүгө болбойт. Бул бөйрөктө таштын пайда болуусуна алып келет. Адамдын организмине жөнөкөй, таза суу ичүү өтө маанилүү. Бирок учурда сууну тазартабыз деп түрдүү филтрлерди колдонуп жатышат. Аны тандоодо өтө дыкат болуп, адистердин жардамы менен сатып алуу керек. Айрым филтрлер суудагы бардык элементтерди жок кылып салгандыктан, мындай суу кайрадан эле келип заара таштар оорусунун пайда болушун шарттайт", — деди Монолов.

Ал суу адам ден соолугуна өтө зарыл зат болгондуктан аны ичүүгө олуттуу мамиле жасоо туура болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0