Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кулмендеев: Кыргызстанда алгачкы жолу этно-экологиялык кинофорум өтөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Мөңгү" кинофорумунун көркөм жетекчиси Таалайбек Кулмендеев. Архив
Мөңгү кинофорумунун көркөм жетекчиси Таалайбек Кулмендеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мөңгү" кинофорумунун көркөм жетекчиси Таалайбек Кулмендеев аталган иш-чара келечекте фестивалга айланарын айтты.
Кулмендеев: Кыргызстанда алгачкы жолу этно-экологиялык кинофорум өтөт

Кыргызстанда алгачкы жолу Көчмөндөр оюнунун алкагында 3-7-сентябрда "Мөңгү" этно-экологиялык кинофорум өтөт. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы кезде жаратылыш көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл буруу шарт.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кино тармагында ар кандай иш-чаралар бар. Алардын катарын этно-экологиялык "Мөңгү" фестивалы да толуктаганы турат. Мунун алкагында экологиялык маселелерге арналган тегерек стол да болушу күтүлүүдө. Иш-чаранын максаты — табиятты коргоп калууга чакыруу. Тасмалар боз үйдүн ичинде көрсөтүлөт", — деди Кулмендеев.

Ал жаратылышка байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө семинар, жыйналыштарга караганда, ошол маселерди көтөрүп чыккан тасмаларды чоң экрандан көрүү таасирдүү болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0