23:32 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Профессор, кардиолог Ишенбай Молдоташев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Молдоташев: жүрөк жана кан тамыр ооруларын айыктырууга мүмкүн эмес

Радио
Кыскача шилтеме алуу
427 0 0

Профессор, кардиолог Ишенбай Молдоташев кара жумуш жасоо жүрөк оорусунун алдын аларын айтты.

Жүрөк-кан тамыр ооруларын айыктырууга мүмкүн болбогондуктан анын алдын алуу керек. Мындай пикирди Ишенбай Молдоташев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, активдүү кыймыл бул ооруга кабылууга тоскоол болот.

"Жүрөк-кан тамыр оорусу башталганда адам ошол ооруга байланып калат. Себеби аны толук айыктырууга мүмкүн эмес. Бирок аны өрчүтүп жибербей алдын алса болот. Ал үчүн убагында уктоо, стресске кабылбоо, туура тамактануу, кара жумуш жасоо өтө маанилүү. Мына ушул нерселер жардам бербей баштаганда дары-дармектер менен дарыланууга өтүү керек", — деди кардиолог.

Ал оорулуу жүрөктү алмаштырууга кыргыз медицинасынын деңгээли жетише электигин кошумчалады.

Тема боюнча

Ысык-Көлдө эс алып жаткан Казакстандын жараны жүрөгү кармап каза болду
Белгилер:
медицина, оору, кан тамыр, жүрөк

ЭҢ МААНИЛҮҮ