17:41 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Кийиз дүйнө — көчмөн руху долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова
© Sputnik / Асель Акматалиева

Асангулова: бир саатта 100 айымга элечек оролот

Радио
Кыскача шилтеме алуу
116 0 0

"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова "100 элечек бир саатта" иш чарасы Бишкекте 26-июль күнү Курманжан датканын эстелигинин жанында боло турганын айтты.

Бир сааттын ичинде 100 айымга элечек оролот. Бул тууралуу Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салтанат аркылуу элечек дагы бир ирет даңазаланат.

"26-июлда өтчү "100 элечек бир саатта" аттуу иш-чарага бардык каалоочулар катышса болот. Азыркы кезде элечекти оронууга кызыккан айымдар арбын. Бирок биз максат кылган санга жете элек. Өзгөчө жаштар иш-чарага активдүү катышууга ынтызар экенин көрүп кубанып турабыз. Буюрса, 100 айымга элечекти бир сааттын ичинде ороо иш-чарасы Кыргызстанда алгачкы жолу өтөт", — деди Асангулова.

Ал элечекти сахнага же тойлорго гана оронбостон күнүмдүк жашоодо да кийген ыңгайлуу экенин кошумчалады.

Тема боюнча

"Катын" десе капаланбаңыз, "селки" десе секирбеңиз. Аялзаттын аталышы
Белгилер:
улут, элечек, баш кийим

ЭҢ МААНИЛҮҮ