14:05 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Кыздар федерациясы коомдук уюмунун өкүлү Мырзабай Дооранов. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Дооранов: ала качуудан жигиттер да коркуп калды

Радио
Кыскача шилтеме алуу
60 0 0

"Кыздар федерациясы" коомдук уюмунун өкүлү Мырзабай Дооранов ала качуудан бир гана кыздар эмес, алар менен сүйлөшүп жүргөн жигиттер да запкы тартарын айтты.

Ала качууга кабылган кыздын жакындары да психологиялык жактан азап тартып келет. Бул тууралуу Мырзабай Дооранов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы кезде жигиттер сүйлөшкөн кызын алып качып кетпесе экен деп тынчсызданып калды.

"Ала качуудан, албетте, эң чоң запкыны ага кабылган кыз тартат. Бирок ошол эле кезде ал үчүн күйгөн жакындарын да эске алышыбыз керек. Мисалы, кыз-жигит болуп жүргөн түгөйлөрдүн кызын алып качып кетсе, айрым жигиттер эч нерсе жасай албай, айласыздан жактырбаган эле кызга үйлөнүп, өмүр бою бактысыз болуп калууда. Мындай учурда кыздын да, жигиттин да ата-энелери алар менен кошулуп азап тартып келет", — деди Дооранов.

Ал кыздарга ар тараптан шарт түзүп, колдоо абдан маанилүү экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Сүйгөнүн эки ирет ала качтырып... Жигиттер, сүйүп, сүйүктүү болуп жашайлычы!
16 жашында ала качуунун азабына калган келин: үч ирет атайын боюман түшүрдүм
Жеңелер кармап берип зордуктаткан. Ала качууга тушугуп, кордолгон 7 келиндин окуясы
Белгилер:
колдоо, кыз ала качуу, Мырзабай Дооранов

ЭҢ МААНИЛҮҮ