18:39 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлшан Абдылдаева. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Абдылдаева: бүтүрүүчү мектепти аяктаганын ата-энеси менен үйдө эле белгилесе болот

Радио
Кыскача шилтеме алуу
151 0 0

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлшан Абдылдаева бүтүрүү кечеси көптөгөн көйгөйлөрдү жаратып келгендигин айтты.

Бүтүрүү кечесин мектепти аяктап жаткандар үйдө ата-энеси, бир туугандары менен деле белгилесе болот. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мектепти аяктадык деп сөзсүз эле кафеге олтуруу туура эмес.

"Айрым кыздар эмнеге тиги кыздын жакшы кийими бар, ал эми мени эмнеге жакшынакай кийиндире албайсыңар деп ата-энелерине нааразы болуп келет. Бүтүрүү кечеси үчүн окуучу кыздар үч көйнөк, туфли, аксессуар, макияж жана чач жасалгасына бир топ чыгым коротууга туура келет. Мындан сырткары, ар кандай терс иштер да бүтүрүүчүлөр арасында дал ушул күнү болот. Бул себептен мектептерге бүтүрүү кечесин өткөрүүгө тыюу салып келебиз", — деди Абдылдаева.

Адис мектепти бүтүрүп жаткандар үйдө ата-энеси, бир туугандары менен 11-классты аяктагандыгын белгилесе болорун кошумчалады.

Белгилер:
абитуриент, бүтүрүү кечеси, Гүлшан Абдылдаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ