Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аднаева: эми дары-дармектердин баасы көзөмөлгө алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековКонсультант по внедрению национальной базы данных лекарственных средств ДЛОиМТ Нургуль Аднаева
Консультант по внедрению национальной базы данных лекарственных средств ДЛОиМТ Нургуль Аднаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министринин консультанты Нургүл Аднаева өлкөдө фармацевтика тармагы чоң бизнеске айланганын айтты.
Аднаева: эми дары-дармектердин баасы көзөмөлгө алынат

Эми дары-дармектердин баасы көзөмөлгө алынат. Бул тармактын нарк саясаты буга чейин мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынган эмес. Бул тууралуу Нургүл Аднаева Sputnik Кыргызстан радиосуна дары-дармек боюнча мыйзамга киргизилген баа саясатын көзөмөлдөө жөнүндө маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ар кайсы фармацевтикалык ишканалар өз баасын коюп келсе, мындан ары бааны өкмөт аныктап, жыйынтыгында бирдиктүү баа белгиленет.

"Биз мындай тажрыйбаны КМШ өлкөлөрүнөн алуудабыз. Атайын жумушчу топ түзүлдү. Эми ушул жылдын сентябрь айына чейин бааны жөнгө салуу механизминин планын иштеп чыгышыбыз керек. Элдин да пикирин эске алуу максатында коомдук талкууга койдук. Башкы максат — калкка дары-дармекти бирдиктүү баада жеткирүү ", — деди Аднаева.

Ал бул багытта дүйнөлүк бир механизм жок болгондуктан, ар бир өлкө өзүнө ылайык жолдору менен иш жүргүзүп келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0