11:20 25 Бугу 2018
Түз эфир
Музейдеги түн акциясынын уюштуруучусу Акзыйнат Шеримбек кызы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Шеримбек кызы: "Музейдеги түн" акциясына 30 миңден ашык адам катышат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
39 0 0

"Музейдеги түн" акциясынын уюштуруучусу Акзыйнат Шеримбек кызы шаар тургундарынын музейге болгон кызыгуусу арткандыгын айтты.

"Музейдеги түн" акциясына 30 миңден ашуун кишинин келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Акзыйнат Шеримбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы аталган иш-чарага 20 миңдей шаар тургуну келген.

"Бул акция 6 саатка созулат. Саат 18:00дө башталып, 24:00дө жыйынтыкталат. Буюрса, бул жылы өтчү "Музейдеги түн" иш-чарасына 30 миндей адамдын келиши күтүлүүдө. Ал эми былтыр аталган кечеге 20 миңдей шаар тургуну келген", — деди уюштуруучу.

Ал түнкү музей келген элге өзгөчө атмосфера тартууларын кошумчалады.

Тема боюнча

"Музейдеги түн" акциясы. Өлкөдө өтүүчү өзгөчө иш-чаранын даректери
Белгилер:
түн, музей, акция
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ