08:46 21 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун төрөт бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Назаралиева
© Sputnik / Жоомарт Ураимов

Назаралиева: 10 жыл мурда кош бойлуу келиндер төрөтканага жалгыз келишчү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
15701

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун төрөт бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Назаралиева кош бойлуу келиндерге алардын жакындары тарабынан жакшы көңүл бурула баштаганын айтты.

10 жыл мурда боюнда бар келиндер төрөтканага жалгыз келсе, бүгүнкү күндө жакындарынын коштоп келиши кубантарлык көрүнүш. Бул тууралуу Салтанат Назаралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу аялга эки эсе жакшы көңүл бурулушу керек.

"10 жыл мурда көпчүлүк кош бойлуу келиндер сумкасын сүйрөп, төрөтканага жалгыз келишчү. Азыр андай эмес. Жакын адамдары коштоп келип кубандырат", — деди Назаралиева.

Ал мындай көрүнүш ымыркай үчүн үйдө жакшы шарттар түзүлгөндүгүнөн кабар берерин кошумчалады.

Тема боюнча

Толгоону жеңилдетүү жана төрөттөн кийин тез тыңуунун жолдору. Гинеколог менен маек
Белгилер:
кош бойлуу, Салтанат Назаралиева
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ