17:36 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Белгилүү журналист Мирхамид Токтогул
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Токтогул: тил, маданият жана тарых улутту улут кылып турат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
17230

Белгилүү журналист Мирхамид Токтогул улуттук баалуулуктарды сактап калуу керектигин айтты.

Тил, маданият жана тарых — улутту улут кылып турган нерселер. Бул тууралуу Мирхамид Токтогул Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ийгилик сырлары" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул үч нерсе отургучтун 4 буту болгондой эле ажырагыс нерселер.

"Социологиянын тили менен айтканда улутту улут кылып турган 3 фактор бар. Бул тили, маданияты жана тарыхы. Аталган үч нерсе отургучтун 4 буту болгондой эле ажырагыс нерселер. Эгерде биз ошолордун бирин кемитип койсок, демек биз толук кандуу улут эмеспиз. Бул улутту сактоонун эң негизги жол-жобосу", — деди журналист.

Ал салттуу маданиятты жаштарга көрсөтүп бериш керектигин кошумчалады.

Белгилер:
салт, улут, маданият, Мирхамид Токтогул

ЭҢ МААНИЛҮҮ