Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мавлянова: балдар үйүнө бөлүнгөн каражаттар өз дарегине жетпей жатат

Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова балдар үйүндө тарбияланып жаткандарга төмөнкү сорттогу тоок эти берилип жатканын айтты
Мавлянова: балдар үйүнө бөлүнгөн каражаттар өз дарегине жетпей жатат

Балдар үйүнө мамлекет тарабынан тамактануу үчүн бөлүнгөн каражаттар жетпей жатат. Бул тууралуу Махабат Мавлянова парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдар үчүн сүт азыктары менен жер жемиштер жетишсиз.

"Бул кырдаал боюнча менде видео далилдер бар. Мен бул маселеге мурда токтолгом, бирок эч кандай реакция болгон жок. Учурда жетим балдардын жана кароосуз калган кары-картаңдардын тамак-ашына чейин коррупция сойлоп барып жатканы тууралуу маалыматтар келүүдө", — деди депутат.

Ал бул маселени депутаттар карабаса эч ким карабай тургандыгын, жетим балдардын тамак-ашы тууралуу ойлогон жакындары жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0