Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кудайбергенов: үйлөнгөн жаштардын жашоосу карыз менен башталганы туура эмес

© Фото / Cinemart ProductionКуудул, тамада Борончу Кудайбергенов. Архив
Куудул, тамада Борончу Кудайбергенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куудул, тамада Борончу Кудайбергенов тойлордун маани-маңызы алмашып кеткенин айтты
Кудайбергенов: үйлөнгөн жаштардын жашоосу карыз менен башталганы туура эмес

Үйлөнүп жаткан жаштардын жашоосу карыз менен башталганы туура эмес. Бул тууралуу Борончу Кудайбергенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тойдо чектен ашкан көрүнүштөр көп кездешүүдө.

"Бири-бирине атаандашунун арты менен айрымдар насыя алып той өткөрүп жатышат. Ошентип эки жаштын жашоосу карыз менен башталууда. Мен ошол нерсеге каршымын. Негизи колунда барлар атаандашып жатат. Мындан сырткары, үйлөнүү той, жннтек той, сүннөт тойдун мааниси алмашып кетти", — деди Кудайбергенов.

Куудул тойдогу сценарийди алмаштыруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0