Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанходжаев: кар көчкүнү газ менен түшүрүү кымбатка турат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызгидромет агенттигинин жетекчи орун басары Рыскелди Асанходжаев
Кыргызгидромет агенттигинин жетекчи орун басары Рыскелди Асанходжаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидромет агенттигинин жетекчи орун басары Рыскелди Асанходжаев быйыл кыш мезгилинде түшкөн кардын запасы өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе аз экендигин айтты
Асанходжаев: кар көчкүнү газ менен түшүрүү кымбатка турат

Кар көчкүнү газ менен түшүрүү Кыргызстандын шартында кыйын жана кымбат. Бул тууралуу Рыскелди Асанходжаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республикадагы кар көчкү атуу жана жардыруу жолдору менен түшүрүлөт.

"Өнүккөн өлкөлөрдө карды заманбап технологиялар аркылуу жардырышат. Бул учурда тик учак, газ менен жардыруу колдонулат. Бирок бул техникаларды Кыргызстандын шартында колдонуу биринчиден кыйын, экинчиден кымбат. Учурда Кыргызстанда кар көчө турган аймактар да абдан көп. Бул маселе боюнча япон грантына сурам бергенбиз", — деди Асанходжаев.

Кыргызгидромет агенттигинин өкүлү республиканын айрым райондорунда 15-16-мартта жаачу жамгыр карга айланышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0