Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: Бишкек — Чолпон-Ата жолунун боюна ажатканалар курулат

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов өлкөдөгү туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн ишкерлерге атайын семинарлар уюштурулуп тураарын айтты.
Жаманкулов: Бишкек — Чолпон-Ата жолунун боюна ажатканалар курулат

Бишкек — Чолпон-Ата жолунун боюна ажатканалар курулат. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн ишкерлерге атайын семинарлар уюштурулуп турат.

"Бул багытта бир аз жылыштар бар. Ошентсе да көйгөйлүү маселелер көп. Алардын эң орчундуусу — ажаткана маселеси. Бул боюнча да бүгүнкү күндө айылдар менен биргеликте иш алып баруудабыз. Быйылкы планды Чолпон-Ата — Бишкек жолунда бир нече даараткана куруу бар. Муну ушул жыл ичи бүткөрөбүз" — деди Жаманкулов.

Ошондой эле ал тоолуу аймактардагы ажаткана маселеси курч бойдон калып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0