Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Субанбеков: аймактарды өнүктүрүүдө атаандаштыкты күчөтүү керек

© Фото / пресс-служба партии "Бир Бол""Бир Бол" фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбековдун архивдик сүрөтү
Бир Бол фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков аймактарды өнүктүрүү жарлыгынын канчалык деңгээлде ишке ашып жатканын коомчулукка көрсөтүп туруу керектигин айтты.
Субанбеков: аймактарды өнүктүрүүдө атаандаштыкты күчөтүү керек

Аймактарды өнүктүрүүдө атаандаштыкты күчөтүү керек. Мындай пикирин Бакирдин Субанбеков парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аймактарды өнүктүрүү сөз жүзүндө айтылып, иш жүзүндө аткарылбай жатат.

"Жыл башында президент аймактарды өнүктүрүү боюнча Жарлыгына кол койду. Учурда ошол Жарлык канчалык деңгээлде аткарылып жатканы белгисиз. Ал сапаттуу аткарылуусу үчүн өкмөт тарабынан критерийлер иштелип чыкса болмок. Мисалы ар бир айыл өкмөтүндө канча бак тигилип жатат, өндүрүш тармагында канча ишкана ачылууда, канча инвестор тартып жатышат, ушул сыяктуу иштер ачыкталып турса, иш алдыга жүрмөк. Жыл соңунда мыктыларын тандап сыйлык берип, аймактар арасында атаандаштыкты күчөтмөкпүз", — деди Субанбеков.

Эске сала кетсек, 2018-жыл президент тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0