Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токобаева: баласын сабаган аялдын күнөөсү далилденсе энелик укуктан ажыратылат

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева
Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда комада жаткан бала шаардык соттун токтому менен Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү
Токобаева: баласын сабаган аялдын күнөөсү далилденсе энелик укуктан ажыратылат

Ош шаарында баласын депкир менен сабаган аялдын күнөөсү далилденсе ал энелик укуктан ажыратылат. Бул тууралуу шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, баланын энеси шектүү катары кармалгандыгына байланыштуу Ош шаардык соту баланы социалдык өнүгүү башкармалыгынын карамагына өткөрүү токтомун чыгарган.

"Учурда комада жаткан бала биздин көзөмөлдө турат. Атасы тууралуу иликтеп жатабыз. Азырынча эч кандай маалымат жок. Себеби, ал келин баланы Өзгөн райондук төрөт үйүндө төрөгөндүгү тууралуу тергөөдө айткандыгы менен бул маалымат тастыкталган жок. Эгер баласын депкир менен сабаганы далилденсе ал энелик укуктан ажыратылат", — деди Токобаева.

Ал келиндин атасы комада жаткан небересин асырап алуудан баш тарткандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Ош шаарында 24 жаштагы энеси депкир менен сабаган үч жаштагы бала эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0