00:38 21 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958

Мусуралиев: окуу жайлар даярдаган адистер бизнеске ылайыксыз болууда

Радио
Кыскача шилтеме алуу
37 0 0

Соода жана өнөр жай палатасынын жетекчисинин орун басары Нурлан Мусуралиев учурда аталган көйгөйдү чечүү үчүн атайын мыйзам долбоору даярдалгандыгын айтты

Окуу жайлар даярдаган адистер бизнеске ылайыксыз болууда. Бул тууралуу Нурлан Мусуралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Ага ылайык, жаш адистердин окуп иштөөсүнө шарт түзгөн ишканаларга мамлекет тарабынан жеңилдиктер берилет.

"Кадр маселеси көйгөйлүү бойдон калууда. Анткени окуу жайлар окутуп чыгарган адистер бизнеске ылайыксыз болууда. Мисалы, жаңы адис келсе аны кайрадан сөзсүз окутуш керек болуп жатат. Ага, албетте, каражат кетет, убакыт сарпталат", — деди Мусуралиев.

Ал айыл чарба тармагында адистер жетишсиз экендигин кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстандын кайсы аймагында уй багуу пайдалуу? Адистердин кеңеши
Белгилер:
адистер, окуу жай

ЭҢ МААНИЛҮҮ