Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асрандиев: Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан соода борбор үчүн насыя алса болот

© Фото / пресс-служба РКФР Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкармалыгынын жетекчиси Эркин Асрандиевдин архивдик сүрөтү
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкармалыгынын жетекчиси Эркин Асрандиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкармалыгынын жетекчиси Эркин Асрандиев соода борборлор үчүн атайын талаптар бар экендигин айтты
Асрандиев: Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан соода борбор үчүн насыя алса болот

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан соода борбор үчүн насыя алса болот. Бул тууралуу Эркин Асрандиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган фонд базарлар үчүн акча бөлбөйт.

"Соода-сатык тармагын каржылоо боюнча норма биздин келишимде бекитилген. Ошонун алкагында Asia Mall соода борборун курууга каражат бөлгөнбүз. Негизи атайын талаптар бар. Насыя алуу үчүн соода борбордун аянты беш миң чарчы метрден кем болбошу керек жана жайгашкан жердин инфраструктурасына салым кошуп, жумуш орундарды түзүү зарыл", — деди Асрандиев.

Ал соода борбор куруу үчүн насыя алам дегендер жогорудагы талаптарды эске алышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0