08:29 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978

Темиркулов: мал менен гана алектенбестен багбанчылыкка да басым жасоо керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
103 0 0

"Жаңы доорго 40 кадам" стратегиялык долбоорунун эксперти Азамат Темиркулов Кыргызстанда багбанчылык кылууга жакшы шарттар бар экендигин айтты

Темиркулов: мал менен гана алектенбестен багбанчылыкка да басым жасоо керек

Мал менен гана алектенбестен багбанчылыкка да басым жасоо керек. Бул тууралуу Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда багбанчылыкты өнүктүрүүгө да басым жасалууда.

"Учурда "Жаңы доорго 40 кадам" стратегиялык долбору иштелип жатат. Анын алкагында багбанчылар менен жолугуп, көйгөйлөрүн угуп келдик. Буюрса, алардын баары долбоорго жазылат. Негизи бизде багбанчылык жакшы өнүккөн эмес. Бул тармакка ылайыктуу, бирок, иштетилбей калган жерлер арбын. Андыктан мал менен гана алектенбестен багбанчылыкка да басым жасоо керек", — деди Темиркулов.

Ал Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрүп, андан ары алып кетүүгө жакшы шарттар бар экендигин кошумчалады.

Тема боюнча

Баткендик багбан Эгембердиев: чек аранын ачылышы алманын баасын жогорулатты
Белгилер:
багбан, шарт, мал

ЭҢ МААНИЛҮҮ