Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мусаева: балдардын массалык мушташуусу — эң көйгөйлүү маселелердин бири

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный специалист Управления школьного образования Минобразования Назгуль Мусаева
Главный специалист Управления школьного образования Минобразования Назгуль Мусаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева учурда мектептеги коопсуздук боюнча атайын стратегиялык план иштелип жатканын айтты.

 

Мусаева: балдардын массалык мушташуусу — эң көйгөйлүү маселелердин бири

Балдардын массалык түрдө мушташуусу эң көйгөйлүү маселелердин бири. Бул тууралуу Назгүл Мусаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окуучулар арасындагы урушту токтотуу үчүн бардык тармактар бирге иш алып баруусу керек.

"Бул көйгөй менен жалпыбыз бирге күрөшүүбүз керек. Ички иштер министрлиги, жергиликтүү бийлик, ата-энелер карап турбашы зарыл. Учурда бул жагдайды эске алган, чечүү жолдорун көрсөткөн стратегиялык план түзүлүүдө. Аны түзүүгө атайын өнөктөштөр менен иштешип жатабыз", — деди Мусаева.

Ал меселени түп тамырынан кыюу оңой эмес экендигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, Талас облусунун Манас районунда массалык түрдө мушташ болуп, бир өспүрүм көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0