Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Икрамов: олимпиадалык резервдер окуу жайы ремонтко муктаж

Жазылуу
Депутат Тазабек Икрамов Кыргызстандагы жалгыз Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайына жакшылап көңүл буруу мезгил талабы экенин айтты
Икрамов: олимпиадалык резервдер окуу жайы ремонтко муктаж

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Тазабек Икрамов Олимпиадалык резервдер окуу жайы ремонтко муктаж экендигин билдирди.

Анын айтымында, окуу жайда беш жыл мурун жарым-жартылай ремонт иштери жүргөн.

"Бишкек шаарында Шералы Сыдыков атындагы жалгыз Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайы бар. Учурда окуу жайда 420 бала тарбияланууда. Кыргызстандын желегин желбиретип жаткан бул мектепке жакшы көңүл бөлүп, жаткан керебеттерине чейин оңдоп берүү керек. Спортчулардын ийгиликке жетиши үчүн эң башкысы — тамак-аш. Азыркы күндө окуучулар төрт маал тамактанат. Бир окуучунун бир күндүк тамагына 200 сом кетет экен, бул жетишсиз", — деди Икрамов.

Ал Кыргызстандын атын спорт аркылуу чыгарабыз десек мелдештерге баруу маселесине да олуттуу көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0