11:34 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
KyrSEFF программасынын консультанты, эксперт Бакыт Аскарбеков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Аскарбеков: интернеттен көрүп эле күндөн энергия алган жабдууну жасап алгандар бар

Радио
Кыскача шилтеме алуу
78 0 0

KyrSEFF программасынын консультанты, эксперт Бакыт Аскарбеков аталган жабдууну жасоо көп деле кымбат эместигин айтты

Интернеттен көрүп эле күн нурунан энергия алган жабдууну жасап алгандар бар. Бул тууралуу Бакыт Аскарбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган жабдууну жасоо көп деле кымбат эмес.

"Бизде үйдү жылытуунун ар кыл жолдору бар. Бирөөлөр от жакса, башкалар электр энергиясын колдонушат. Ноокатта бир байке интернеттен көрүп эле күндүн нурунан энергия алганды үйрөнүп алыптыр. Учурда анын жардамы менен ашкана жана душка колдонгон сууларын жылытып алат экен. Жабдууну жасоого көп деле каражат коротпоптур", — деди Аскарбеков.

Ал учурда жарандар күндөн энергия алганды үйрөнө баштагандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Аскарбеков: времянканы жылытууга кеткен чыгым менен чоң үйдү деле жылытса болот
Белгилер:
үнөмдөө, күн, электр энергиясы
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ