Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбеков: чек ара боюнча жол картаны декабрь ичи даярдайбыз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти чек арада Казакстан жана Кыргызстан тарабынан да көзөмөл орнотуу боюнча чечим кабыл алынганын айтты
Жээнбеков: чек ара боюнча жол картаны декабрь ичи даярдайбыз

Чек ара боюнча жол картаны декабрь ичи даярдайбыз. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушууда билдирди.

"Нурсултан Абишевич менен азыр болуп жаткан бардык көйгөйлөр боюнча сүйлөшүп, бир чечимге келдик. Жол картасы боюнча эки мамлекеттин өкмөттөрү иш алып барууда. Декабрь айында бул багыт боюнча иштерди аяктайбыз. Чек арада казак тараптан да, кыргыз тараптан да, ошондой эле ЕАЭБ жактан да көзөмөл коёбуз. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери сүйлөшүлгөн мөөнөттүн ичинде чечилет", — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Жээнбеков Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйынына катышуу үчүн барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0