Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тилебалдиев: пантомима менен жол эрежелерин эскерткенде кыйкыргандар болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Культур-Мультур" долбоорунун катышуучусу, актер Болотбек Тилебалдиев
Культур-Мультур долбоорунун катышуучусу, актер Болотбек Тилебалдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Культур-Мультур" долбоорунун катышуучусу, актер Болотбек Тилебалдиев мындай учурда актерлор жылмайып гана жооп берерин айтты.
Тилебалдиев: пантомима менен жол эрежелерин эскерткенде кыйкыргандар болот

Пантомима менен жол эрежелерин эскерткенде кыйкыргандар болот. Бул тууралуу "Культур-Мультур" долбоорунун катышуучусу Болотбек Тилебалдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, борбор калаада жол кырсыктарын азайтуу максатын көздөгөн "Культур-Мультур" долбоору ишке кирген. Ага ылайык, жол эрежелерин сактоого багытталган бир топ иш-аракеттер уюштурулат.

"Жол эрежесин бузгандарга пантомиманын жардамы менен мындай кылган туура эмес экенин көрсөтөбүз. Ошондо айрымдардын бизге жини келип кетет. Кыйкырганына жылмаюу менен гана жооп беребиз. Ошондо дароо ачуусу таркап, күнөөсүн мойнуна алып калышат", — деди Тилебалдиев.

Ал ыраазы болуп, рахматын айткан жарандар көп экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0